Казакстандын Air Astana компаниясы Ирандын аймагын айланып өткөн бир нече багыттар боюнча каттамдарын жандантты. Бул тууралуу компанияга шилтеме берип, "Азаттыктын" казак кызматы жазды.
Маалыматка караганда, 25-июнда Казакстандын шаарларынан Бириккен Араб Эмирлиги жана Катарга бир нече рейс пландалган. Дубай – Алматы багытындагы Boeing 767 Дубайдан мекенине келе албай калган казактстандык жүргүнчүлөрдү алып келери маалым болду.
Буга чейин Израил-Ирандын чатагынан улам Дубай менен Дохадан жүздөгөн казакстандык үйүнө кайта албай жатканы маалымдалган. Казакстандын Жарандык авиация комитетинин маалыматына ылайык, Жакынкы Чыгыштагы абалдан улам өлкөдөгү бир нече компания айрым багыттар боюнча каттамдарын убактылуу токтоткон. Ушундан улам жалпы 1700 жүргүнчү уча албай калганы кабарланган.
"Азаттыктын" казак кызматы Доха аэропортунда бир нече күндөн бери каттамды күтүп жаткан казакстандыктар эч кандай шарт түзүлбөгөнүнө нааразычылык билдиргенин жазды.
Жакынкы Чыгыштын аба мейкиндиктери жабылганына байланыштуу ондогон эл аралык компаниялар бул багытта түз учкан же айланып өткөн каттамдарын убактылуу токтоткон. Абал турукташканына байланыштуу айрымдары ишин жандантканын кабарлашты.
Ирандын мамлекеттик телеканалы 24-июндун таңында Израил менен аскердик жаңжалда ок атышууну токтотуу режими күчүнө киргенин билдирген. (AiA)
Шерине