Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:49

Тажикстанда той-топур мыйзамын бузган 1400дөн ашуун жаран айыпка жыгылды


Тажикстандагы той (архивдик сүрөт).
Тажикстандагы той (архивдик сүрөт).

2024-жылы Тажикстанда 1400дөн ашуун жаран "Салтанаттарды жана жөрөлгөлөрдү өткөрүүнү тартипке келтирүү тууралуу" мыйзамды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылып, айыпка жыгылды. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку соту расмий маалымат таратканын "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.

Маалыматка караганда, өткөн жылы коңшу өлкөдө той-топурду чектеген мыйзамды бузган 1435 адамдын иши сотко жеткен. Алардан жалпы жонунан 11 миллион сомониден ашык (1,1 миллион АКШ доллары) айып пул алынган.

Жазага тартылган жарандардын айрымдары салтанаттуу той-топур уюштурса, арасында маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкерчилик кылгандар да бар.

Той-топурду чектеген чечимдер былтыр кабыл алынган. "Каада-салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга ылайык, үйлөнүү тоюна арналган иш-чаралар экиден, жаңыдан баш кошуп жаткан жубайларды коштогон машинелердин саны төрттөн ашпашы зарыл.

Дасторкон жайып, акча короткондун ордуна ошол каражатты социалдык объектилерди курууга же кайрымдуулукка жумшоо сунушталган.

Ажылык сапардан кайткандарды тосуп алууну өзүнчө салтанатка айландырууга, короону, көчөнү жана ал киши отурган машинени кооздоого да тыюу салынган. Бийлик ажыларды үй-бүлө мүчөлөрү эле чогулуп, тосуп алганы жетиштүү болорун белгилеген.

Кыргызстанда да парламент депутаттары каада-салт, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө, маркумду узатууда ысырапкорчулукка чек коюу сунушталган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG