Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:30

"Кайненесин керки менен чаап өлтүргөн, аялынын абалы оор". Кара-Суудагы үрөй учурган зомбулук


Мадыдагы зомбулук

Ош облусунун Кара-Суу районунда кайненесин өлтүрүп, аялы оор абалда жаткан шектүүнүн окуясы Кыргызстандагы зомбулук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Үрөй учурган окуя 20-июнда болгон.

Мады айыл аймагынын кайненесин керки менен чаап өлтүргөн, аялын уруп-сабаган деп шектелген 34 жаштагы тургуну эки айга камалды. Азыр 28 жаштагы келин оор абалда ооруканада жатат. Милиция тергөө жүрүп жатканын учкай гана маалымдап, толук маалымат бере элек. Бир ай мурун эле Ош облусунун аймагында жубайын аңчылык курал менен атып салган окуя коомчулукту нес кылган.

"Ооруканага оор абалда келди"

Апасынан ажырап, өзү эс-учун билбей сабалып ооруканага түшкөн келиндин абалы тууралуу облустук оорукананын дарыгери Максат Көлбаев маалымат берди.

“Биздин кабыл алуу бөлүмүнө жараат алган жерлери көп, акыбалы оор абалда келген. Башынын жети-сегиз жери айрылган. Баарын карап, томографияга салганыбызда баш сөөк оң жагынан сынган, бирок мээге зыяны тийген эмес. Келгенде нес абалда болгон. Азыр андан бир топ жакшы”, - деди токмоктолгон келинди карап жаткан дарыгер Максат Көлбаев.

Анын айтымында, келинди алып келгендер “күйөөсү керки менен чаап салыптыр” дешкен экен.

“Учурда оң кулагынын угуусу да начар. Бир аз абалы жакшырса кайрадан текшерүү жүргүзүп, кулак дарыгерине көргөзөбүз”.

Келиндин жакындары менен сүйлөшүүгө азырынча мүмкүн болгон жок. Күйөө баласынын колунан ажал тапканы айтылган 50 жаштагы аял Өзбекстандын жараны экенин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ырасташты.

Мады айыл аймагы
Мады айыл аймагы

"Кайненесин керки менен чапкан, андан кийин аялын чапкылаптыр"

Мады айыл аймагынын башчысынын орун басары Сабыр Боронов окуя тууралуу буларды маалымдады:

“Ошол күнү үйдө талаш-тартыш болуптур. Кайненесин керки менен чапкан, андан кийин аялын чапкылаптыр. Ага экспертизалар дайындалгандан кийин жакындары жерге беребиз деп Өзбекстанга алып кетишкен. Келиндин эки баласы бар, улуусу 1-классты аяктаган, экинчиси 4 жашта. Балдар азыр туугандарынын колунда”.

Милиция тергөө жүрүп жатканын учкай гана маалымдап, толук маалымат бере элек. 20-июнда болгон кандуу окуяга шек саналып кармалган жарандын бөгөт чарасын Кара-Суу райондук соту 23-июнда карап, эки айга камалды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен милиция кылмыш иши козгоп, тергөө жүрүп жатат.

“Жүргүзүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 34 жаштагы К.А аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатат. Кийинчерээк окуянынын себептери боюнча кошумча маалымат беребиз”, - деген маалымат берди "Азаттыкка" Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Чынара Сейитбекова.

Мады айыл аймагы. Архив
Мады айыл аймагы. Архив

Зомбулукка чекит коюлабы?

Бул үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан соңку бир айдагы экинчи чоң кылмыш. Өткөн айда Кара-Кулжа районунда бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечесине баргандан кийин жубайын аңчылык курал менен атып салган окуя коомчулукту нес кылып, талкууга түшкөн.

Ош облусунун аймагынын өзүндө эле акыркы беш айда 204 үй-бүлөөлүк зордук-зомбулук фактысы катталганын милициядан билдиришти.

Расмий органдар Кыргызстанда соңку 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган.

Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.

Мыйзамдар катаалданып, чаралар күчөтүлгөнү менен үй-бүлө зомбулугу тыйылбай жатат.

Адистер коомдо агрессия көбөйгөнүн, мунун түрдүү себептери, социалдык, эконмомикалык жана башка түрдүү себептери бар экенин айтып келүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG