Оштун Кара-Суу районунун тургуну кайненесин өлтүрүүгө, аялын уруп-сабоого шектелип эки айга камака алынды. 34 жаштагы жаран кайненесин жана аялын теше менен чаап салган. Аялы оор абалда ооруканага түшкөн. Милиция тергөө жүрүп жатканын учкай гана маалымдап, толук маалымат бере элек. Бир ай мурун эле Ош облусунун аймагында жубайын аңчылык курал менен атып салган окуя коомчулукту нес кылган.
Шерине