Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Бишкекте жыл башынан бери автобус айдаган 733 айдоочу жумуштан алынды


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте ушул жылдын 1-январынан 18-июнга чейин мэриянын автобустарын эреже бузуп айдаган 733 айдоочу жумуштан алынып, “кара тизмеге” киргизилген. Алар мындан ары муниципалдык транспорт тармагында иштей албайт.

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, андан тышкары тартип комиссияларынын чечимдери менен 404 айдоочу 20% сый акыдан ажыратылып, сөгүш берилген.

24-июнда “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында автобустун айдоочулары менен жыйын өттү. Анда айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

1-январдан 31-мартка чейинки аралыкта Бишкекте муниципалдык автобустар катышкан 158 кырсык катталган.

“Бишкекшаартранс” муниципалдык ишканасынын маалыматында, муниципалитеттин балансында 1 500гө жакын автобус бар. Шаар боюнча жалпысынан 58 каттамдык линия тейленип, күнүгө 1 200 автобус жолго чыгат. Мекеме 2024-жылы 538 айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн “кара тизмеге” киргизилгенин билдирген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG