Жашыл Бишкек "чөлгө" айлануудабы?
Кыргызстанда акыркы 10 жылдыкта шаарлашуунун агымы кескин күчөдү. Элеттеги шаарды көздөй көчкөндөрдүн көбү баш калаа Бишкекке келүүдө. Борбор калаада ири имараттар, турак жайлар борбордун чок ортосунда эле эмес, тегерек-четинде дагы салынууда. Ушундай шартта Бишкектин ансыз дагы аяр экосистемасын кантип сактап калууга, абасын тазартууга болот? Айрым райондордун “бетон жунглиси” деген жаманаттыдан арылтып, шаарды кантип бала-чака менен жөө сейилдегенге ыңгайлуу кылса болот? Канткенде шаарга чабалекей, таранчылар кайтып келип, жүз жылдык эмендер сакталып калат?
Шерине