Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Милиция Кара-Суу базарындагы окуяны териштире баштады


Ош облустук ички иштер башкармалыгы.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Оштогу “Туратали” деген ат менен таанылган Кара-Суу базарындагы окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталганын билдирди. Милиция эки тарап тең арыз менен кайрылганын, арыздануучуларга соттук-медициналык экспертизалар дайындалганын кошумчалады.

24-июнда социалдык тармактарда Кара-Суу базарында иштеген соодагерди базардын жетекчиси Нурбек Эргешов ур-токмокко алганы тууралуу маалымат тараган. Видеодо бети-башы канжалаган адамды көрүүгө болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылы 26-январда Ош облусундагы Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өтө турганын айткан.

Кара-Суу базарынын айланасында тараптардын талашы көптөн бери болуп келе жаткан. Буга чейин соттун эки инстанциясы Кара-Суу базарын мамлекетке алуу боюнча Мамлекеттик мүлк агенттигинин пайдасына чечим чыгарган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG