Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:03

Министр Орунтаев Бишкекте реновация программасы даяр болгонун айтты


Нурдан Орунтаев.
Нурдан Орунтаев.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңы, көп батирлүү үйлөрдү куруу программасы даяр болгонун билдирди.

Бул тууралуу министр 24-июнда “Биринчи радионун” эфиринде айтып, ал программа Министрлер кабинетине андан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилерин кошумчалады.

“Мамлекет бул иштен акча табайын деген жок. Болгону эски үйлөрдө жашап жаткан жарандардын турак жайын жаңылап берүү. Ошол эле учурда жылдан-жылга жер азайып баратат. Ушундан улам эски үйлөрдүн ордуна жаңы комплекстерди салышыбыз керек”, - деди ал.

Нурдан Орунтаев эски үйлөрдүн ордуна жаңы, көп батирлүү комплекстерди куруу программасы – реновация иши кандай эрежелер менен жүрө турганын түшүндүргөн жок.

Буга чейин негизинен борбордогу “сталинка”, “хрущевка” деп аталган үйлөр жаңыланары айтылган. Буга айрым шаардыктар каршы чыгып, жеке менчик укугу сакталбай жатканын билдирип чыгышкан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG