Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда укук коргоо органдарында, соттордун арасында, прокуратура жана коопсуздук органдарында коррупция көп экенин билдирди. Бул тууралуу ал 22-июнда Жалал-Абад шаарында спорт комплексинин курулушуна капсула салуу иш-чарасында айтты.
“Акыркы жылдары ушул терс көрүнүш менен күрөштүн жыйынтыгында бул да азайды. Муну эч ким жокко чыгара албайт. Кайсы жерге барсаң коррупция азайганын айтып жатышат. Бирок дагы деле бар. Уюшкан кылмыштуу топтордой жок кылдык деп айта албайм. Дагы деле бар. Бирок аны да жок кылабыз”, - деди ал.
Эл аралык Transparency International (TI) уюмунун 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексине ылайык, Кыргызстан жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашган. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган болчу. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.
Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт. (BTo)