Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Илимдер академиясынын 20дай имараты менчиктештирилип кеткени аныкталды


Улуттук илимдер академиясынын башкы имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Улуттук илимдер академиясынын башкы имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Улуттук илимдер академиясына мамлекет башкарууга берген кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануу боюнча ишмердүүлүктү текшерип, имараттарды мыйзамсыз ижарага берген коррупциялык схеманы аныктап, бөгөт койду. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Илимдер академиясынын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, баюу максатында ишкерлер менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, аларга мыйзамсыз бөлмөлөрдү берип, тиешелүү эсептик жоопкерчиликтерди айланып өтүп, ижара акысы үчүн өз алдынча акча алып турушканы аныкталган.

Бул мыйзам бузуулардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмдөрү тактоо жумуштары жүргүзүлүүдө.

Текшерүүдө мындан тышкары Илимдер академиясынын өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан 20га жакын объекти жеке жана башка менчикке чыгарылгандыгы тууралуу маалыматтар алынды.

Бул иштердин жүрүшүндө Илимдер академиясы документсиз иштетип келген 3,36 га жер тилкесине атайын кызматтын кийлигишүүсү менен мамлекеттик акт алынып, таризделди.

“Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамга ылайык, мекеменин мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат.

Коррупцияга каршы күрөштүн алкагында УКМК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана башка органдар мурда мамлекеттик кызматта иштеп мыйзамсыз кирешеге ээ болгон адамдардан акча каражаттарын кайтарып, алар менчиктештирип алган мамлекеттик мүлк, жер тилкелерин кайтарып жатат. Кайтарылган мүлктөрдүн ичинде базарлар, соода жайлары, автобекеттер, имараттар, жер тилкелери жана үлүш жерлер көп болду.

Президент Садыр Жапаров быйыл 31-майдагы билдирүүсүндө коррупцияга каршы күрөштүн алкагында өлкө казынасына 200 миллиард сомдон ашык акча, 1100дөн көп кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөнүн билдирген. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG