Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу Кыргызстанда билим берүү мекемелерине онлайн каттоо башталганы Бишкек шаарында каттоосу жок жашаган тургундар балдарын өздөрүнө жакын мектептерге жазыла албай жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 23-июнда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйналышында айтты.
Эл өкүлү анын жеке өзүнө ушундай көйгөйгө кабылган кеминде 50 ата-эне кайрылганын, тиешелүү министрлик “аларды үмүткөр кылбай же нары-бери кылып маселени чечип бериши керектигин” кеп кылды.
Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева онлайн каттоо системасы бюрократияны жок кылуу максатында киргизилгенин белгилеп, анда эч бир ата-энеден тастыктама талап кылынбай турганын билдирди.
Самыкбаева биринчи этапта балдар катталган жерине жакын мектептерге жазылганын, экинчи этапта каалаган мектептерине (бош орун болсо) жазыла ала турганын кошумчалады. Министрдин орун басары Кыргызстан боюнча 289 569 квота ачылса, 131 375 бош орун турганын, Бишкекте 30 561 квота берилсе, 2 865 бош орун турганын тактады.
Депутат Советбек Рустамбек уулу айыл жергесинде мектепке жазылууда маселе жок экенин, бирок Бишкекте өздөрү каалаган мектептерге киргизе албай жатканын кайталады. Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева мындай көйгөйлөргө кабылган ата-энелерди 110 номерине чалып, жардам алуу керектигин айтты.
Кыргызстанда 1mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге 1-2-класстар үчүн онлайн кабыл алуу марттын ортолорунан тарта башталган. Кабыл алуу Tunduk мамлекеттик тиркемеси жана MegaPay, О!Деньги жана башка тиркемелер аркылуу да жүрүп жатат.
Биринчи этапта – 22-марттан 2-июнга чейин ата-энелер балдарын катталган жерине жакын мектептерге жаздырышты. 2-июнда башталган экинчи этапта ата-энелер балдарын каалаган мектептерине (бош орун болсо) жазылууда. Экинчи этап 15-августка чейин уланат.
Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүү боюнча “Алтын казык” деп аталган жаңы мамлекеттик программаны сунуштаган. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган.
Анын алкагында 2019-жылы туулган балдар 1-класска, ал эми 2018-жылы төрөлгөндөр жана мектепке чейинки даярдыктан өткөн 2019-жылы туулган балдар 2-класска барышат.
Президент Садыр Жапаров 12-майда Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүү тууралуу чечим кабыл алган. Мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды Агартуу министрлиги аткарса, илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү милдеттер Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жүктөлгөн. (ErN)
Шерине