Мамлекет башчы Садыр Жапаров президенттин фондунан Нарын шаарына 807 млн сом бөлдү.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-июнда Нарын шаарында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты. Атайын кызматтын башчысы быйыл Нарын облусуна бюджеттен 9,4 млрд сом бөлүнгөнүн кошумчалады.
“Тарыхта Нарын шаарына 800 млн сом бөлүнгөн эмес”, - деди Камчыбек Ташиев.
Жакында эле социалдык тармактарда Нарын облусунда тургундардын көйгөйлөрү чечилбей, көңүл бурулбай жатканы тууралуу арыз-дооматтар айтылган. Нарындык тургундун бийлик жетекчилерине ыр менен кайрылганы талкууну күчөттү.
Ырда облустагы социалдык көйгөйлөрдөн баштап, жол курулушу, жергиликтүү бийликтин элге мамилеси баяндалып, Кыргызстандагы башка аймактарга көңүл бурулганы менен Нарын унутта калып жатканы камтылган.
Бул окуядан кийин Камчыбек Ташиев баштаган бийлик өкүлдөрү Нарын шаарына барды. (BTo)
Шерине