Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:07

Ирандын тышкы иштер министри Москвага расмий сапар менен барды


Орусия жана Ирандын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Аббас Аракчи (архивдик сүрөт).
Орусия жана Ирандын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Аббас Аракчи (архивдик сүрөт).

23-июнда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Москвага расмий сапар менен барды. Бул тууралуу Би-Би-Си радиосу жазды.

"Азыркы кооптуу кырдаалда Орусия менен кеңешкенибиз чоң мааниге ээ", — деди Аракчи Ирандын мамлекеттик телеканалына курган маегинде.

Министрдин айтымында, Тегеран менен Москва "өз ара позицияларын координациялоого аракет кылууда" , анткени тараптар "орток кооптонууларга жана душмандарга ээ".

Аракчи Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган АКШнын чабуулун айыптаганы үчүн Москвага ыраазычылык билдирди.

"АКШнын чабуулу бул агрессия, аны сөзсүз түрдө айыптоо керек", - деп билдирди министр.

23-июнда Аракчинин орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлүүдө. Жолугушууда Орусия менен Иран үчүн орток болгон "коркунучтарга жана чакырыктарга каршы туруу маселеси" талкууланары айтылды.

Орусия АКШга Иран менен сүйлөшүүлөргө ортомчулугун, анын байытылган уранын өзүндө сактоону бир нече жолу сунуш кылган. Европа Биримдиги Орусия Украинага каршы согушунда Иран менен тыгыз кызматташып жатканы үчүн бул маселеде бейтарап медиатор боло албай турганын айтып чыккан.

21-июнда АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Фордо, Натанз жана Исфаханга сокку урган. Иран бийлиги АКШнын мындай “негизсиз жана алдын ала пландалган агрессиялык аракеттерин” катуу айыптарын билдирип, БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырган.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урганын “кооптуу эскалация” деп баалаган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG