Тегеран 23-июнда жабыркагандар боюнча расмий маалыматты жаңылады.
Ирандын мамлекеттик телеканалы өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме кылып, Израилдин чабуулу башталгандан бери 500гө жакын адам каза болгонун билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында 3 миңден ашуун киши жараат алган.
Каза тапкандар арасында жогорку кызматтагы аскер жетекчилери жана өзөктүк программаны иштеп чыгууга катышкан белгилүү окумуштуулар бар.
"Ирандагы адам укуктарын коргоочулары" уюму каза тапкандардын саны расмий маалыматтан эки эсе көп болушу мүмкүн деп билдирүүдө.
Ирандагы азыркы кырдаалга көз салып жаткан Human Rights Activists News Agency (HRANA) бейөкмөт уюму тараткан маалыматта, 19-июнга карата каза болгондор 657 киши, жараат алгандар 2037. Уюм каза тапкандардын кеминде 263ү жайкын тургундар (көбү Тегеранда), арасында 20сы балдар экенин билдирген, мындан тышкары 230 маркумдун же аскер кызматкери, же катардагы жаран экени белгисиз.
- автор Айнура Жекше кызы
АКШ президенти Дональд Трамптын Ирандын өзөктүк жайларын бомбалоо чечими Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна алып келди жана жаңжалдын жайылуу коркунучун күчөттү. БУУнун хартиясы бузулганын билдирген Тегеран азырынча аскердик жооп кайтара элек.
АКШ сокку урган атомдук ишканалар канчалык бүлүнгөнү тууралуу азырынча так маалымат жок. Ал тапта Израил Тегерандагы буталарына чабуул койгону кабарланды. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи орус бийлиги менен абалды талкуулоо үчүн Москвага барды.
Дүйшөмбүдө жергиликтүү маалымат каражаттары Ирандын коргоо министри Амир Хатами буга чейин АКШга “чечкиндүү жооп кайтарылып келгенин, бул ирет да ошондой болорун” билдирген видеосун жарыялашты.
Башка жогорку аскер башчылар Ислам жумурияты “эч качан багынбасын”, Вашингтонго каршы “колдон келген чаралар көрүлөрүн” кайталашты.
22-июнда Ирандын ядролук объектилерине сокку урулгандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран тынчтыкка барууга тийиш экенин, антпесе “мындан да масштабдуу” чабуулдарга кабыларын эскерткен.
Бомбасын жүктөгөн заманбап B-2 учактар Фордо, Натанз жана Исфахандагы ишканаларды бутага алган. АКШдан Иранга чейин 18 саат учкан жети учак 75 дүрмөт аткан.
Трамп ал жайлар эбегейсиз зыян тартканын айтты.
АКШ сокку урган атомдук ишканалар канчалык бүлүнгөнү тууралуу азырынча так маалымат чыга элек. Дүйшөмбүдө Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин төрагасы Рафаэл Гросси тоо коюнундагы Фордо станциясы өлчөөсүз зыян тартты деп болжолдонгонун билдирди.
Пентагондун башчысы Пит Хегсет авиасоккулар даректүү болгонун айтып, бул Ирандын элине же аскерлерине эмес, өзөктүк программасына каршы чабуул экенин белгиледи.
Ал эми Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Трамптын “эр жүрөк чечимин” кубаттады.
Ошол эле күнү Ислам жумуриятынын аскерлери Израилге сокку урганда бир нече киши жарадар болгону, Тель-Авивде соода борбору зыян тартканы кабарланды.
Бирок буга чейин болжолдонгондой, Иран азырынча АКШнын аймактагы аскердик базаларын бутага алып же мунай ташуудагы башкы жолдордун бири - Ормуз кысыгын бөгөттөй элек.
Cаясат изилдөөчү Аарон Дэвид Миллердин пикиринде, Иран америкалык активдерге каршы жооп кайтарышы мүмкүн:
"География чоң роль ойнойт. Ирандын чакан аралыкка учуучу баллистикалык ракеталары жете алчу жерде биздин 40 миңдей аскерибиз жайгашкан. Ирандын арсеналында андай ракетадан миңдеген даана турат. Иракта 2500, Сирияда миңдей же андан азыраак жоокерибиз орун алган. Ирандын парламенти Ормуз кысыгын жабууну колдоп добуш берди, жогорку лидердин чечимин күтүп жатышат деген кабар тарады. Айтмакчы, жогорку лидер (АКШнын соккусу тууралуу) эч кандай билдирүү жасай элек. Ормуз кысыгын бөгөттөө Иран менен АКШ ортосундагы эскалациянын арткы эшиги болушу мүмкүн. Себеби, ирандыктар маанилүү жолду жабууга аракеттенсе, америкалыктар аны ачышат, ошондо Ирандын флоту менен тирешүүгө туура келет. Мен муну регионалдык согуш деп сүрөттөйт элем. Эмне дегенде ага Йемендеги хуситтер, Ирак жана Сириядагы иранчыл күчтөр тартылат. Андан тышкары Ислам жумурияты чет өлкөлөрдө израилдик жана америкалык кызыкчылыктарга каршы киберчабуулдарды, теракттарды ишке ашырышы ыктымал".
Дүйнөдөгү мунай менен газдын 20% Ормуз аркылуу ташылат.
Мамлекеттик катчы Марко Рубио эгерде Иран жооп кайтарбаса, Кошмо Штаттардын соккуларды улантуу планы жоктугун жекшембиде билдирген.
23-июнда АКШ президенти Ирандын учурдагы бийлигин кулатууну кризисти чечүү жолу катары көрөрүн кыйытты.
"Режимди алмаштыруу" деген терминди колдонуу саясий жактан туура эмес, бирок Ирандын учурдагы режими өлкөнү кайрадан кубаттуу кыла албаса, режимди алмаштырууга эмнеге болбосун?”, - деп жазды Трамп Truth Social платформасына.
Буга чейин расмий Вашингтондун өкүлдөрү соңку чабуулдар “Иран режимин” алмаштыруу максатын көздөбөсүн, Тегерандын ядролук программасына байланышкан маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө багытталганын билдиришкен.
Бирок аскердик операция америкалык мыйзам чыгаруучулар жана президенттин тарапташтары арасында, башка өлкөлөрдө түрдүү реакция жаратты.
БУУнун Коопсуздук кеңеши 22-июнда чукул жыйынга чогулганда баш катчы Антониу Гутерриш Пентагондун соккуларын согушту жайылып кетүү коркунучун жараткан “кооптуу эскалация” деп баалады.
Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Фу Цун АКШнын Ирандын өзөктүк жайларын бутага алганын айыптады:
"Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) кепилдикке алган Ирандагы ядролук жайларга чабуул коюу БУУнун хартиясын жана эл аралык укукту одоно бузат, эл аралык тартиптин маанилүү пайдубалы болгон ядролук куралды жайылтпоо тууралуу келишимге залака тийди деп эсептейбиз. Ооба, Иран зыян тартты, бирок АКШнын ишеничтүү өлкө катары жана сүйлөшүүлөрдөгү расмий тарап катары аброюна көлөкө түштү".
Бир катар өлкөлөр, арасында Жапония, Австралия Ирандын ядролук куралга ээ болуу аракетин алдын алуу максатындагы АКШнын аба соккуларын колдошту.
Жекшембиде Тегеранда Израил менен АКШнын чабуулуна каршы демонстрациялар өттү.
Жакынкы Чыгыштагы дагы бир куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып, сокку урганда тутанган.
Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келет. Эки тараптан тең жайкын адамдар жабыркап жатат.
Тегеран өзөктүк программасы жай турмуш максаттарын көздөгөнүн, андан баш тартпай турганын кайталап келет.
22-июнда Мамлекеттик департамент Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу чет өлкөлөрдөгү америкалык жарандарга этият болууну эскертти.
23-июнда Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Ирандагы аскердик объекттерге абадан сокку жасаганын билдирди. Израил армиясынын маалыматында, алты аэроабазага, курал-жарак кампаларына жана ракета учуруучу түзүмдөргө чабуул жасалды.
Расмий Тегеран түнкү чабуулдар тууралуу билдирүү тараткан жок. Ирандагы Кызыл жарым ай уюму Тегерандагы кеңсесине жакын имарат соккуга кабылганын билдирди.
Израил басылмалары Тегерандагы белгилүү Эвин түрмөсүнүн дарбазасына "символикалык сокку" урулганын жазышты. Бул абакта саясий туткундар, журналисттер, жарандык активисттер жана чет элдиктер отурат.
Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Тегеранга жасалган чабуулду тастыктап, анын максаты "режимдин объекттери жана репрессиялык түзүмдөрүн" бутага алуу болгонун айтты.
Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушуп, Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаалга байланыштуу “Орусия Иран элине жардам берүүгө аракет кылып жатканын” билдирди. Путин сөз кандай жардам тууралуу болуп жатканын тактаган жок.
Орус президенти жолугушууда “Иранга каршы негизсиз агрессия жасалууда” деп белгилеп, Израил менен АКШнын Ирандагы өзөктүк объектилерге урган соккуларын сындады. Анын айтымында, Аракчи менен сүйлөшүүнүн максаты “мындай кырдаалдан чыгуу жолдорун биргеликте издөө”.
Шерине