Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы 20 окуучуда альвеококкоз курту бар экени аныкталды. Мындай жыйынтыкты Бишкектен келген дарыгерлер чыгарышкан. Бирок жергиликтүү дарыгерлер бул илдетке чалдыккандардын саны мынчалык көп болбошу керек деп күмөн санашууда.