Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Орусиянын Сумыдагы чабуулунан үч адам каза болду


Сумы облусуна болгон чабуулдун кесепеттери. 24-июнь, 2025-жыл.
Сумы облусуна болгон чабуулдун кесепеттери. 24-июнь, 2025-жыл.

24-июнга оогон түнү Орусиянын Украинага болгон аба соккусунан Сумы облусунда үч адам каза болду, арасында сегиз жаштагы бала бар. Алты адам жаракат алганы кабарланды.

Маалыматка караганда, өткөн түнү Сумы облусунун калктуу райондорунун бири чабуулга туш болуп, 30га жакын турак үй жабыркады.

Херсонго болгон чабуулдун кесепетинен төрт адам жаракат алганы маалымдалды.

24-июнда эртең менен Украинанын Днепр шаары да бутага алынды. Жабыркагандар тууралуу маалымат жарыялана элек.

Украин куралдуу күчтөрү жалпысынан өткөн түнү өлкөнүн аймагына Орусиядан 100гө жакын дрон учурулганын билдирди.

23-июнда кечинде куткаруучулар Киевдеги ракета чабуулунан кыйраган үйлөрдөн дайынсыздарды издөө иштерин аяктады. Дүйшөмбү күнгө караган чабуулдун кесепетинен тогуз адам каза болгону жана 30дан ашууну жабыркаганы белгилүү болду. Жаракат алгандардын арасында 11 жаштагы өспүрүм кыз бар.

Орусия басып киргенден бери Украинада, БУУнун маалыматына караганда, 13 миңден ашуун карапайым кишинин өмүрү кыйылды. Алардын көбү орус аскерлеринин ракета жана дрон чабуулдарынан каза тапкан. Өлкөнүн расмий өкүлдөрү жайкын украиндер арасындагы жоготуулар мындан көп деп айтышат. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG