23-июнда Кыргызстанда орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү жана абитуриенттер тапшырган жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгы белгилүү болду. Билим берүү жана илим министрлиги тараткан маалымат ылайык, быйыл жалпы тестирлөөдө 54 окуучу эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алды.
Эң жогорку – 242 упайды Бишкек шаарындагы №70 жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов алды.
Экинчи орунда – 240 упай менен Жалал-Абад шаарындагы “Лайт-Академия” орто мектебинин бүтүрүүчүсү Медина Мухаммадова, үчүнчү орунда – 236 упай менен Бишкек шаарындагы № 48 жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Тагай Макешов чыкты.
ЖРТда эң жогорку балл 2022-жылы 235 болуп, 57 окуучу “Алтын сертификат” алган. 2023-жылы жогорку упай 236ны түзүп, 54 окуучу “Алтын сертификат” алган. 2024-жылы жогорку упай 236 болуп, 56 окуучу “Алтын сертификатка” ээ болгон.
Жыл сайын ЖРТга 40-50 миңдей бүтүрүүчү катышчу. 2025-жылы өнөктүккө 54 миң окуучу катышты. (ErN)