Венгрия (Мажарстан) жана Словакия Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйынында Орусияга каршы 18-санкциялык топтомуна бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мажарстандын тышкы иштер министри Петер Сийярто билдирди.
Анын айтымында, бул чечим Еврокомиссиянын орус энергия булактарынан этап менен баш тартуу планына жооп катары кабыл алынган.
"Бүгүн биз Словакия менен чогуу 18-санкциялык топтомдун кабыл алынышына жол берген жокпуз. Анткени бул чара Евробиримдикке мүчө мамлекеттерге, анын ичинде Венгрия менен Словакияга, орус газын жана арзан чийки мунайын сатып алууга тыюу салат", - деди Сийярто журналисттерге.
Брюсселде Евробиримдиктин туруктуу өкүлдөрүнүн дагы бир жыйыны өтүп жатат. Анда жаңы санкциялык топтом тууралуу талкуу жүрүүдө.
Евробиримдик сунуштаган 18-пакетке "Түндүк агым–1" жана "Түндүк агым–2" газ куурларына каршы чараларды киргизүү, рус мунайынын баа чегин 60 доллардан 45 долларга түшүрүү сунушталган. Мындан тышкары, Орусиянын "көмүскөдөгү танкер флотуна" кирген 80ге жакын кеме да санкциялар тизмесине кириши мүмкүн.
20-майда Евробиримдик 17-санкциялык топтомду бекиткен. Ага 200гө жакын кеме, 75 физикалык жак жана юридикалык тараптар кирген.
Евробиримдик буга чейин Орусиядан көмүр жана мунай сатып алууну дээрлик токтоткон. Ал эми айрым Европа мамлекеттери орус газына көз каранды болгондуктан азырынча көгүлтүр отунду импорттоого толук чектөө киргизиле элек.
Москва санкцияларды натыйжасыз жана мыйзамсыз деп мүнөздөп, аларды жоюуну талап кылып келет. (AiA)
Шерине